> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаровдун кудасы «Кыргызалтындын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду
- URL: https://im.kg/biilik/2023/04/14/sadyr-zhaparovdun-kudasy-kyrghyzaltyndyn-bashkarmalyghynyn-toraghasynyn-orun-basary-boldu/
- Published: 2023-04-14T10:41:00.000Z
- Updated: 2023-05-04T06:36:43.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**12-апрелде 30 жаштагы Азамат Шаршенбиев «Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин курамына Бекмурза Өмүралиевдин ордуна директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. Бул тууралуу «Клооп» басылмасы жазып чыкты.**

«Клооп» билдиргендей, «ПолитКлиника» басылмасы өз маалымат булактарына таянып, Шаршенбиев президент Садыр Жапаровго куда болорун жазган.

«ПолитКлиниканын» изилдөөсүнө ылайык, Шаршенбиев Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. 2017-2019-жылдары «РСК Банктын» Чүй филиалында кассир болуп иштеп, кадрлар бөлүмүндө адис болгон. 2021-жылы «Манас» аэропортунда бухгалтер жана башкы логистика кызматкери болуп иштеген.

![](https://kg.economist.kg/wp-content/uploads/2023/04/44C98D30-2A6F-4182-B1D9-1FDEEEBA7B66.jpeg)

КФБ сайтындагы маалымат

  
«Клооп» президенттин басма сөз катчысынан комментарий сураган. Эрбол Султанбаев басылмага: “Бул маселе мамлекет башчынын ыйгарым укуктарына кирбейт жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо же бошотуу чечимин компаниянын директорлор кеңеши кабыл алат”, — деп жооп берген.