Марат Пирназаров Госфиннадзордун жетекчиси болуп дайындалды

Марат Пирназаров Мамлекеттик Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу 4-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Пирназаров 2012-2017-жылдары жогорку мекеменин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Андан кийин 2018-2019-жылдары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастанбек Джумабековдун жардамчысы жана кеңешчиси болгон.

2020-жылдын февраль айында Пирназаров «Унаа» мамлекеттик мекемесин жетектеп, бирок ошол эле жылдын октябрь айында берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Бир жыл мурун, 2022-жылдын апрель айында Пирназаров кайрадан Госфиннадзордун жетекчисинин орун басары кызматына кайтып келген.