Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо боюнча жарлыкка кол коюлду
КРнын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, Башкы прокуратура бир айлык мөөнөттө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги болсо «Коопсуз шаар» долбоорун техникалык коштоо функциясын «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берет.
Министрлер кабинети 2023-жылдын 1-декабрына чейин бизнес-коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттердин катышуусу менен «Санариптик Кыргызстан 2024–2030» стратегиясын иштеп чыгат.