Садыр Жапаров Кытайга кетти – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине да катышат. Ошондой эле президент КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

КРнын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • Айгүл Жапарова – президенттин жубайы;
  • Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
  • Муратбек Азымбакиев – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Актилек Мусаева – КРнын Кытайдагы элчиси;
  • Айбек Джунушалиев – президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • Азамат Осмонов – президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
  • Аскарбек Джаныбеков – айыл чарба министри;
  • Алтынбек Максүтов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Талантбек Иманов – санариптик өнүктүрүү министри;
  • Тилек Текебаев – транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Данияр Амангельдиев – экономика жана коммерция министри;
  • Таалайбек Ибраев – энергетика министри;
  • Умбриэль Темиралиев – Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
  • Самат Исабеков – Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
  • Эмилбек Абдыкадыров – Бишкектин мэри;
  • Бакытбек Жетигенов — Оштун мэри.