Бишкектин мэриясы ишкерлерди жолугуушаг чакырган – бирок алардын көбү келген жок

Бишкек мэриясынын Октябрь администрациясынын залында 2023-жылдын 2-июнунда пландаштырылган жолугушууга ишкерлер келген жок. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, жолугушууга Манас-Ч.Айтматов проспектиси менен Ю.Абдрахманов-Б.Баатыр көчөлөрүндө иш алып барган ишкерлер келмек.

Бирок 10 гана адам катышты. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери алдыдагы жыйын тууралуу ишкерлерге маалымат беришкен.

Буга байланыштуу Байтик Баатыр көч., 17 (Октябрь администрациясынын жыйындар залы) дареги боюнча отурум 2023-жылдын 6-июнуна саат 10:00гө жылдырылды.