Мурдагы «Дельфин+» ордуна чек арачылар үчүн жаңы пансионат ачылды

Мурдагы «Дельфин+» ордуна чек арачылар үчүн жаңы пансионат ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан. Мурдагы «Дельфин+» пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн.

Бул жерде заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, пансионаттын жашыл аймагы курулган, анда балдар ойноочу аянтчалары да бар.

Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөлөрү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.