> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров Сочиге жумуш сапары менен келди
- URL: https://im.kg/biilik/2023/06/07/akylbiek-zhaparov-sochighie-zhumush-sapary-mienien-kieldi/
- Published: 2023-06-07T07:50:57.000Z
- Updated: 2023-06-07T07:50:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, КМШ өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйналыштарына катышуу үчүн Сочиге жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Жумуш сапарынын алкагында Жапаров ЕАЭБ жана КМШ өкмөт башчыларынын катышуусу менен ишкер программанын бир катар башка иш-чараларына катышат.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы III Евразия конгрессинин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, «Евразия – биздин үй» эл аралык көргөзмөсүнө катышат. 

Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.