Катар биз үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет – Садыр Жапаров

КРнын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Жапаров өз сөзүндө Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

«Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем. Учурда Катар Мамлекети өркүндөө жолун ишенимдүү улантып, эл аралык аренада көрүнүктүү жетишкендиктерге жетип турган чагы. Дал ушул учурда сиз араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келип турасыз. Үстүбүздөгү жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толуп олтурат», - деп баса белгиледи Жапаров.

Жыйындын соңунда Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен Катар ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү ниетин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн лидерлери бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.