ЕАЭБдин кезектеги жыйыны Чолпон-Атада өтөт

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү макулдашылды. Бул чечим Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Ошондой эле, жыйындын күн тартибинде эркин сооданы мындан ары өнүктүрүү, ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, Биримдиктин электрондук рыногу сыяктуу 10 тармактын маселелери каралды.

Өкмөт башчылар ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында кызматташуу боюнча Биринчи чаралар пакетинин (“Жол картасы”) аткарылышы боюнча отчетту угушту.

Мындан тышкары, тараптар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында мурда кабыл алынган тапшырмаларды жана макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты.