Акылбек Жапаров Кыргызстанда россиялык университеттердин филиалдарын ачууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, Жапаров М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин, Жогорку Экономика мектебинин филиалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз-Россия агрардык технологиялар жана биомедицина институтун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында ачууну сунуштады.

Билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген минкаб төрагасы Мишустинге КРнын аймагында 9 жалпы орто мектебин куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу Жогорку Кеңештин үч окуусунан өткөнүн жана Президенттин кол коюусуна даярдалып жатканы тууралуу билдирди.