Акылбек Жапаров кубанын премьер-министри менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочиде Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгилешти: соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөр, саламаттыкты сактоо жана туризм.
Жапаров фармацевтика тармагындагы кызматташуунун келечегине токтолуп, кесиптешине учурда эл аралык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү стадиясында турган «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тууралуу маалымат берди.
Акылбек Жапаров ошондой эле эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуусу үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Кубанын премьер-министри баардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирип, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарылдыгын белгиледи.