Кыргызстан бюджеттин эсебинен тик учактар, «Байрактар» жана зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алды

Президент Садыр Жапаров, 13-июнда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын чек арасында жана Борбор Азиянын алыскы аймактарында жалпысынан биздин өлкөгө түз дагы, кыйыр түрдө дагы таасир эткен ар кандай процесстер жүрүүсүн белгиледи.

«Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек арабызды жана биздин жарандарыбызды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды өзүбүз сатып алдык. Бул бир гана «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Airbus маркасындагы 2 жаңы тик учак алдык. Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык ремонттоодон өтүп, андан тышкары жаңы «Ми-17 В5» тик учагы сатып алынып, кошумча дагы «Ми-17» маркасындагы тик учагын сатып алуу пландалган», - деди Жапаров.

Ошондой эле, аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган «Печора» модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынган.