Бишкектеги суу көйгөйү жаралгандыктан депутат иш козгоону сунуштады
Бишкектеги аткаминерлерге кылмыш ишин козгоо маселеси көтөрүлдү. Бул сунуштоо менен Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында депутат Исхак Масалиев көтөрүп чыкты.
Эске салсак, депутаттар комитеттин жыйынында ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштерден маалымат алды. Жыйындын учурунда Масалиев мэриянын аткаминерлерине ишиндеги шалаакылык үчүн кылмыш ишин козгоо туурасында айтты.
«Алар суунун деңгээлин карап турушу керек эле. Саясатчыларды уккандан көрө аларга иш козгогула, себеби миллион калкы бар шаар суусуз калды. Эч ким билбей калдыбы? Бул — шалаакылык, ушул берене менен иш козгоо керек», — деди Масалиев.