«Кыргызавтожол» Нарындын 16 көчөсүн асфальттады

Нарын шаарынын көчөлөрүндө «Кыргызавтожол» МИ тарабынан асфальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, бүгүнкү күндө пландаштырылган 43 көчөнүн 16 көчөсүндө асфальт төшөө иштери аяктады:

• Ак-Мөөр – 369 м;

• Муканбет уулу Улан – 340 м;

• Чоробаев – 433 м;

• Баетов – 249 м;

• Ж.Алаев – 264 м;

• И.Төрөбаев (стадион) – 173 м;

• Андабеков – 83 м;

• Сыдыков – 234 м;

• Переулок Ленина – 670 м;

• Тынымсеитов – 252 м;

• Жакыпов – 262 м;

• Он-Арча – 429 м;

• Мусурманкулов – 650 м;

• Молдокадыров – 774 м;

• Жаңыл-Мырза – 155 м;

• Кара-Бук – 256 м;

Жалпысы: 5.593 км аткарылды. План боюнча дагы 17.7 км төшөлөт.