> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек менен Чүйдө үч күн жолдор маал-маалы менен жабылат – тизме
- URL: https://im.kg/biilik/2023/06/21/bishkiek-mienien-chuido-uch-kun-zholdor-maal-maaly-mienien-zhabylat-tizmie/
- Published: 2023-06-21T02:45:56.000Z
- Updated: 2023-06-21T02:45:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.**

Мекеменин маалыматына ылайык, буга Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий сапар менен келиши себеп болууда.

Чектөө кире турган жолдор:

· «Манас» эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

· Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек Жолу проспектисине чейин;

· Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;

· Жаш Гвардия бульварынан түштүктү карай Жибек Жолу проспектисинен тартып Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;

· Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейинки бөлүгү;

· Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен түштүктү карай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

· «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;

· Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолу аркылуу Токмок шаарына чейин.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа токтотууга болбойт. Оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турганы оң. ЖКККББ айдоочуларды инспекторлордун талаптарына баш ийип эрежелерди сактоого чакырды.