Эки жылдын ичинде энергетика тармагындагы кызматкерлерге 29 кылмыш иши козголгон

2021-2022-жылдары энергетика тармагындагы кызмат адамдарына 29 кылмыш иши козголуп, 11 кылмыш иши боюнча 69 млн сомдон ашык материалдык чыгым өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады.

Парламенттин маалымат кызматы белгилегендей, комитет Энергетика министрлигинин «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын укту.

«Министрликтин тутумунда коррупцияга каршы күрөшү жана  алдын алуу боюнча 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы иш чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилген. Ошондой эле министрлик укук коргоо органдарына коррупциялык аракеттерди алдын алуу боюнча көмөк көрсөтүп жатат. 2021-2022-жылдары энергетика тармагындагы кызмат адамдарына 29 кылмыш иши козголуп, 11 кылмыш иши боюнча 69 млн сомдон ашык материалдык чыгым өндүрүлгөн», - деп Ибраев айтып берди.