Кармалган энергетика министринин орун басарынын ордуна Талайбек Байгазиев дайындалды

Талайбек Байгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, Байгазиев буга чейин «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын төрагасы болчу. Буга чейин бул кызматта Мирлан Жакыпов иштеп келген. Ал Бишкектин ЖЭБнин 40 млн сомдон ашык көмүр уурдалганы үчүн кармалган.