Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга келди

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, иш сапардын алкагында Штанмайер КРнын президенти Садыр Жапаров менен жолугат.

Тараптар өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.