Бишкектин бир районунда таштанды чыгарууга тендер жарыяланды – баасы 31.8 млн сом

Бишкектин Свердлов районунун акимиаты районду санитардык тазалоо кызматына аутсорсингге тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сатып алуу ыкмасы – чектелбеген ыкма, тендердик баалоо ыкмасы - стандарттык баалоо. Пландалган сумма 31 млн 888 миң 750 сомду түзөт.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 2023-жылдын 6-июлуна чейин саат 13:00гө чейин кабыл алынат. Ишти бүтүрүү мөөнөтү келишим түзүлгөндөн кийин 2023-жылдын 6 ай бою.