Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде директорунун дагы эки жаңы орун басарлары дайындалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде директорунун дагы эки жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Медер Машиев агенттиктин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун директору болгон.

Директордун дагы бир орун басары болуп Канат Рыскулов дайындалды. Буга чейин ал ММБФнун мүлк мамилелери башкармалыгынын башчысы, кийин фонддун төрагасынын орун басары болуп иштеген.