ЖКнын төрагасы Казакстандын президенти менен жолугат

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Расмий иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.