Кыргызстан менен Казакстан суу ресурстарын туруктуу башкаруусун талкуулашты
2023-жылдын 26-июнунда Кыргызстан менен Казакстандын суу ресурстарын башкаруу боюнча кызматташтыгын бекемдөө маселелери талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө облустун суу ресурстарын оптималдуу пайдалануу жана туруктуу башкаруу маселелери талкууланды. Катышуучулар суу ресурстарын башкаруу тармагында колдонулуп жаткан алдыңкы тажрыйбалар менен алмашып, туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө жалпы максаттарга жетүү үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.