> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстан транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндө тоскоолдуктарды талкуулашты
- URL: https://im.kg/biilik/2023/06/27/kyrghyzstan-mienien-kazakstan-tranzittik-zhuk-tashuu-choirosundo-toskoolduktardy-talkuulashty/
- Published: 2023-06-27T04:45:29.000Z
- Updated: 2023-06-27T04:45:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Казакстандын президентинин жардамчысы Асет Исекешев менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Жолугушууда тараптар соода жүгүртүү, транзиттик жүк ташуу, логистика, күйүүчү май жана суу-энергетика тармактарындагы маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өз сөзүндө Төрөбаев биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-казак кызматташтыгынын эки тараптуу актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоо деминде чечилип жатканын белгиледи.

> «Соода жана транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндө бүгүнкү күндө орун алып жаткан көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун табуу үчүн дайыма жолугушууларды өткөрүп туруу биз үчүн өтө маанилүү», – деди минкаб төрагасынын орун басары.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө суу-энергетика тармагындагы маселелер кеңири талкууланып, алар аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо максатында «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулуш долбоору боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген достук жана бир туугандык байланыштар аркылуу биргелешип иш алып барууга келишти.