Бишкектин мэриясы ЕӨБ делегациясы менен 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу долбоорун талкуулашты

Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Евразия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун каржылоо боюнча меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу долбоорун ишке ашыруу боюнча потенциалдуу кызматташууну талкуулашты.