> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматынын лотереясынын 2-турун өткөрүү үчүн 151 млн сомго сарпталат
- URL: https://im.kg/biilik/2023/06/30/salyk-kyzmatynyn-lotierieiasynyn-2-turun-otkoruu-uchun-151-mln-somgho-sarptalat/
- Published: 2023-06-30T06:35:58.000Z
- Updated: 2023-06-30T06:35:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байге фонду үчүн 151 млн сом сарптайт. Каражат товарларды сатып алууга жумшалат.**

Такталгандай, товарларды сатып алуучу сумма 151 млн сомду түзөт.

Ошентип, бул суммага төмөндөгүдөй байгелер сатып алынат: 37,1 мн сомго 20 электромобил, 80 млн сомго 1 миң премиум смартфон, 18,5 млн сомго 1 миң бюджеттик смартфон, 1,4 млн сомго 6 жолдомо, 2 млн сомго 40 даана стайлер, 12 млн сомго 300 ноутбук.