«Электр тармактар» ишканаларына 26 атайын техника тапшырылат

Энергетика министрлиги «Электр тармактар» ишканаларына 5-июлда жаңы 26 атайын техника тапшыруу иш чарасын өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Энергетика министринин алдыдагы койгон пландарынын бири «КУЭТ» ААКтын филиалдарын жана энергокомпанияларды жаны техника менен камсыз кылуу болчу.

Жаны техника жана жабдуулар менен камсыз кылып 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү. Элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга даярдык.