Минкаб «Орто-Алыш» жана «Башкара-Суу» суу топтоочу жайларынын иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Орто-Алыш» жана «Башкара-Суу» суу топтоочу жайларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи.

«Келээрки жылы дагы абал ушундай болот урган болсо, жыл сайын суунун келишин күтүү убаракерчилик. Суу – адамдын табигый муктаждыгы. Аба ырайынын шарттарына таасирин тийгизбей турган туруктуу каскад форматындагы резервуар болушу керек. Кошумча скважиналарды жана суткалык бассейндерди каржылоого даярбыз, эсептөөлөрдү жана көрүнүштөрдү бериңиздер. Элди суусуз калтыруу мүмкүн эмес», – деди Жапаров.

Ошондой эле ичүүчү сууну сугат суу катары пайдалангандыгы үчүн айып пулду карап чыгууну тапшырды.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын бир жашоочусу үчүн сууну пайдалануу өлчөмү суткасына 170 литр суу деп эсептелсе, бирок ал суткасына 1000 литрден ашуун суу керектелип жатканын белгиледи.

МинКаб Төрагасы суу эсептегичтерин орнотууну тапшырып, ал эми тарифтерди электр энергиясындагыдай дифференциялоо керек.

Ал ошондой эле бардык ээси жок скважиналарды реконструкциялоо үчүн мамлекеттин балансына өткөрүү зарылдыгын белгиледи.