Нарындын жол тейлөө ишканаларында автоунаалар жаңыртылды

Нарындын жол тейлөө ишканаларында автоунаалар жаңыртылды. Бул тууралуу Нарындагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, Нарындагы жол тейлөө ишканаларына КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан HOWO үлгүсүндөгү 9 даана өзү жүктөөчү автоунаа берилди.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов техникалардын акжолтой болушун тилек кылып, жасалып жаткан жолдордун сапатына көнүл бурууну жакшы кароону «Кыргызавтожол» ишканасынын Нарындагы филиалынын жетекчиси Калысбек Базаровго тапшырды