Өкмөт Миң-Куштагы уран калдыктарын чыгаруу иштерин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Миң-Кушта «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее» сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Учурда «Как» уран калдыктары сакталган жайы жеринде рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жылы бүткөрүлөт.

«Талды-Булак» уран калдыктары сакталган жайы «Дальнее» уран калдыктары сакталган жайга көчүрүлүүдө. Ташуу иштери 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Ал эми «Туюк-Суу» уран калдыктары сакталган жайын «Дальнее» уран калдыктары сакталган жайга айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергилиликтүү эл каршылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо ЕАЭБ алкагында РФнын «Росатом» атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда мамлекеттер аралык максаттуу программа бекитилген.