Бишкек ЖЭБинде турбинаны жана от казан агрегатын оңдоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын ЖЭБинде турбиналык жана от казан агрегатында оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Такталгандай, ЖЭБ келе жаткан күз-кыш мезгилине максималдуу жүктөмдүүлүк менен даярдана баштады. Турбина коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу үчүн капкагын кеңейтилген диагностикасы менен кезектеги оңдоого жөнөтүлдү.

Энергетиктер эскирген тетиктерди жана секцияларды ачкан каталарды аныктоо иштерин жүргүзүшөт. Дефект болгон элементтер алмаштырылат. Оңдоо процессинде адистештирилген уюм турбинанын иштөө мөөнөтүн узартуу менен анын техникалык диагностикасын жүргүзөт.

Мында станцияда котельный агрегаты орто ремонттон өтуп жатат. Бул жерде иштин көлөму да олуттуу. Адистер эскирген жерлерин алмаштырып, диагностика жүргүзүп, от казандын элементтерин алмаштырышат.

ЖЭБдеги бардык оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, жаңы жылытуу мезгилинин башталышына карата негизги оңдоо иштери аяктайт.