Энергетиктер күткөн 76 атайын жаңы техниканын 29 даанасы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Акылбек Жапаров энергетиктерге 29 атайын жаңы техникалардын ачкычын тапшырып жатып, жалпысынан 2023-жылга 359 млн сомго 76 атайын жаңы техника алынаарын кошумчалады.

«Адистештирилген техникалар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат деп ишенем», – деп жыйынтыктады Жапаров.