Улан Жапаров чындап эле президенттин тууганы – Эрбол Султанбаев

ИИМ тарабынан кармалган Улан Жапаров мамлекет башчысынын тууганы экенин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

«Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз. Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат», - деп Султанбаев жазды.

Анын айтымында, эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы.