Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Баткен шаарында болуп өттү. Тараптар жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюшту. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында пландалууда.