Садыр Жапаров Монголиянын «Эрдэнэт» тоо кендерин жаңы технологиялары менен таанышты

Президент Садыр Жапаров, 10-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Эрдэнэт шаарындагы «Эрдэнэт» заводу мамлекеттик ишканасына барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына «Эрдэнэт» заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Ишкана 1973-жылдан бери иштеп келет, Совет жана Монгол өкмөттөрү «Эрдэнэт» жез-молибден кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ал бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири бойдон калууда. Кийин 2019-жылы Монголия Өкмөтү чыгарган токтомго ылайык «Эрдэнэт Индастри» толугу менен мамлекеттик менчикке өткөн.

Президент Садыр Жапаров карьерди жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолуп жаткан жез-молибден концентратын чыгарган ишкананын фабрикасын көрүп чыкты.

Заводго барганда кыргыз делегациясы заводдун техникалык-технологиялык кайра өзгөрүүлөрүн, тактап айтканда, Монголиянын "Эрдэнэт" кенинин рудасынан жезди алып чыгаруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуудагы тажрыйбасы менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров «Эрдэнэт» заводунун жетекчилигине Кыргызстандын компетенттүү түзүмдөрү менен биргеликте тараптар үчүн өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүн жакшылап ойлонуштурууну сунуштады.