«Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12» автожолуна асфальт төшөөдө 29 млн сом кымырып алынган – Башкы прокуратура

«Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12» багытындагы автожолго төшөлгөн жаңы асфальттын сапаттуулугуна текшерүү жүргүзүлүп жолдорунун курулуш ченемдерин одоно бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүдө, «Кыргызавтожол» МИнын №38-жол тейлөө мекемеси автомобиль жолдорунун курулуш ченемдерин жана эрежелеринин талаптарын одоно түрдө бузуп, асфальтобетон катмарынын тыгыздык коэффицентин сактабастан, анын калындыгын азайтып төшөгөндүгү, ал эми ага карабастан сапатсыз салынган жолду Жол-транспорт департаментинин кызмат адамдары акты менен кабыл алышкандыгы аныкталды.

Натыйжада, мамлекетке 29 млн 104 миң 829 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 273-беренеси («Сапаты начар курулуш») менен кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.