Акылбек Жапаров медициналык мекемелердеги курулуштарды текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Алгач, төрага ачылуу алдында турган перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.

Белгилей кетсек, бул перинаталдык борбордун курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилиши күтүлүүдө.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай Перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы курулат.