Дүйнөдөгү биринчи Санариптик кодекси Кыргызстанда иштелип чыкты

Санариптик өнүктүрүү министрлиги дүйнөдөгү биринчи Санариптик кодексин иштеп чыкты. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.

Министрдин айтымында, бул Кыргызстан үчүн тарыхый окуя. Анткени бул тажрыйба буга чейин дүйнөнүн эч бир жеринде колдонулган эмес.

«Санариптик кодекстин негизги максаты – бардык санариптик нормаларды бирдиктүү укуктук талаага бириктирүү. Бул экономиканын өнүгүшүнө жаңы дем берип, санариптештирүү процессин тездетет. Бул долбоордун практикалык ишке ашырылышы өтө татаал процесс. Бул көп күч-аракетти талап кылат. Бизди документти практикага киргизүү жана жарандарды санариптик сабаттуулукка үйрөтүү боюнча эбегейсиз иштер күтүп турат», - дейт Иманов.