Минкаб Эмгек министрлигинин I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров I жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Коллегиянын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы адам капиталын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы өзгөрүүлөргө токтолду.

Ал ошондой эле министрликтин бюджети 2020-жылга салыштырмалуу «дээрлик эки эсеге» көбөйгөнүн белгиледи.

«2022-жыл жана 2023-жылдын башы министрлик үчүн жемиштүү болду. Социалдык жөлөкпулдардын көлөмү көбөйтүлүп, социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып, «өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында иштер жүрүп жатат», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жапаров 100 миң сомдон алган ар бир үй-бүлөнүн ишинин натыйжалуулугун аныктаган министрликтин жооптуу кызматкери бекитилишин жана анын ишин тартипке келтирүү зарылдыгын белгилеп, «социалдык контракт» долбоорун ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.