Бишкектин Свердлов районунда жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери уланууда

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жолдордун жана тротуарлардын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жумушчулары негизги жолдорду, тротуарларды жана жөө адамдар өтүүчү аймактарды асфальттоо иштерин улантууда. Менделеев көчөсүн, Кажысай жана Енисейский тар көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоп- түздөө иштери аяктады. Алай жана Балыкчы тар көчөлөрүндө жолду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Куруучулар жолду асфальт-бетон төшөө үчүн даярдап жатышат.

Ошондой эле, 2023-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык, Керчинский тилкесинде курулуш иштери башталды. Мындан тышкары, Чүй проспектисин бойлой Осмонкул көчөсүнөн  Гоголь көчөсүнө  чейин (түштүк тарабы) тротуарды капиталдык куруу иштери жүрүп жатат. Бордюрлар, сугат лотоктору орнотулуп бүттү.

Муниципалдык администрация жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы менен биргеликте тротуарды оңдоого тоскоол болгон кире бериш топторду демонтаждоо боюнча чарбалык субъектилердин менчик ээлери жана мыйзамдуу ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында Чүй проспектиси 48 жана 50 даректериндеги 11 кире бериш топ демонтаждалган.

Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) жана Абдрахманов көчөсүндө Жумабек көчөсүнөн  Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы) тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Учурда Чүй проспектисинде Жумабек көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин бордюрлар жана сугат лотоктору орнотулду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө район башчысы «Бишкекжашылчарба» МИге оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкелерде,  сугат тармагы бузулган жашыл аянтчаларды үзгүлтүксүз автоматтык түрдө сугаруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.