Караколдогу жолдун сапатсыз курулушу аныкталды – 1.7 млн сомго зыян келтирилген

Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 км. жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүү көрсөткөндөй, Дирекциянын айрым кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келитирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Ысык-Көл областтык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.