Минкабдын кезектеги жыйыны өттү – аткаминерлер 15 маселени талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибинде 15 маселе каралды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Негизгилерине токтоло турган болсок, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын «Сандалаш» участогунун түндүк-чыгышында жайгашкан жалпы аянты 19 396 га жерди «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Запастагы жерлер» категориясына которулду.

Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен «КРнын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө» өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул токтом жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашырууну жакшыртуу максатын көздөйт.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн чечим кабыл алынды.

Акылбек Жапаров жыйындын соңунда кабинет мүчөлөрүнө буга чейин бекитилген ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбестен, жаңы идеялар, жаңы чечимдер менен токтом долбоорлорун сунуштоого чакырды. Акылбек Жапаров ошондой эле жумуш сапар менен чет мамлекеттерге чыгып келгенден кийинки отчеттуулук жогорку деңгээлде болушун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин кийинки отуруму 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө болот жана анда мамлекеттик ведомстволордун аткарган ишмердүүлүгүн кароо боюнча дагы маанилүү маселелер коюлат.