Кыргызстанда добуш бербегендердин баарына айып пул салуу сунушталды

Президенттин жана ЖКнын депутаттарын шайлоосунда добуш бере албай калгандар үчүн айып пул салынуу мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизүү сунушталды. Документ Жогорку Кеңештин сайтында талкууга жарыяланды.

Сунуштоого ылайык, КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн баш тарткандыгы үчүн ар бир кыргызстандык 50 эсептик көрсөткүч – бул 5 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн. Жүйөлүү себептер менен добуш берүүгө катышпай калгандар үчүн гана өзгөчөлүк болот. Мындай себептердин критерийлери мыйзам долбоорунда так жазылган эмес.

Негиздөөдө Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жүйөлүү себепсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар экени айтылат.