Жалал-Абаддын электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңыланды

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов, КУЭТ тарабынан бөлүнгөн 9 даана жаңы авто унааларды район электр тармактар ишканаларына тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 6 бригадалык унаа жана 3 экскаватор зарыл болгон район электр тармактар ишканаларына бөлүндү. Алыскы тоолуу жана керектөөчүлөрү көп, электр чубалгылары узун райондорго берилди.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы боюнча 110 даана көмөк чордон бар, ал эми электр чубалгылардын узундугу 2714 чакырымды түзөт.

Авто унаалардын берилиши, жумуш ыргагын тездетип, кызматкерлерге кошумча шарт боло алат. Анткени, мурунку унаалардын эскилиги жеткен. Оңдоп-түзөөнү көбүрөөк талап кылчуу. Андан дагы, экскаваторлорду кезектешип иштеткенге туура келчүү.