> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин МАБ башчылары арасында ротация жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/biilik/2023/07/17/bishkiektin-mab-bashchylary-arasynda-rotatsiia-zhurghuzuldu/
- Published: 2023-07-17T08:55:40.000Z
- Updated: 2023-07-17T08:55:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектин Октябрь акимиатында МАБ жетекчилерине ротация жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, ротация муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана МАБ начальниктеринин дараметин туура пайдалануу максатында өткөрүлдү:

• № 7 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Чыңгыз Турсалиев ротациялоо тартибинде № 10 МАБдын бош орун кызматына дайындалды;

• № 6 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Руслан Жапаркулов № 8 МАБдын начальник кызматына ротацияланды;

• № 8 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Жолдошбек Абдыкалыков № 7 МАБдын начальниги болуп дайындалды;

• № 6 МАБдын начальнигинин орун басары кызматын аркалап келген Руслан Артыков № 6 МАБдын начальниги кызматына дайындалды;

• Октябрь администрациясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келген Самат Сатыгулов № 6 МАБдын начальнигинин орун басарлыгына дайындалды.