> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги өкмөттүн тарабынан сынга кабылды
- URL: https://im.kg/biilik/2023/07/17/ekonomika-ministrlighi-okmottun-tarabynan-syngha-kabyldy/
- Published: 2023-07-17T11:25:28.000Z
- Updated: 2023-07-17T11:25:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Жыйында Жапаров министрдин орун басары Канат Абрахмановдун ишин сынга алды.

> «Мага антидемпингдик пошлина эмне экенин билбеген министрдин орун басарынын эмне кереги бар? Министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек, министрдин орун басарын айтпай эле коеюн», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, экспорттун динамикасы өсүп, экономикалык өсүштүн темпи жогорулоодо, андыктан дайыма «заман агымы менен бирге» туруу зарыл.

> «Сатуу рыногу өсүп жатат, ага дагы тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Сиздин 8 орун басарыңыз эмне иш кылып жүрөт түшүнбөй жатам! Ошондой эле практикалык экономикага, Абу-Дабидеги, Бендер-Аббастагы соода портторундагы жерлерибизге көңүл бурушубуз керек, алардын ишмердүүлүгү менен ким алектенип жатат. Контрабандалык товарлардын импортуна каршы күрөштү күчөтүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, талыкпай иштешибиз керек», – деп жыйынтыктады Жапаров.