Транспорт министрлигине 256 жол куруу техникасы тапшырылды – фото

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына келген 265 даана жол куруу техникасы тапшырылды. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Ошондой эле Транспорт министрлиги берилген техниканын тизмесин жарыялады: автосамосвал – 60, автогрейдер – 20, алдынкы жүктөгүч – 25, бир валдуу таптагыч – 20, эки валдуу таптагыч – 10, пневматикалык дөңгөлөктүү таптагыч – 10, асфальт төшөгүч – 11, дөңгөлөктүү экскаватор – 10, каз таман экскаватор – 12, сүйрөгүч – 20, трал – 10, битум ташуучу жарым чиркегич – 7, автобетон аралаштыргыч – 16, отун толтуруучу – 4, автосуу ташыгыч – 4, бульдозер – 1, автогудронатор – 7, асфальт-бетон заводу – 4, таш майдалоочу орнотмо – 10, бетон аралаштыруучу орнотмо – 4.

Жалпысы жол тармагына 669 даана техниканы сатып алуу пландаштырылган.