> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында борбордук көчөсүнүн бир чакырысы асфальтталат
- URL: https://im.kg/biilik/2023/07/18/osh-shaarynda-borborduk-kochosunun-bir-chakyrysy-asfalttalat/
- Published: 2023-07-18T06:00:32.000Z
- Updated: 2023-07-18T06:00:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош шаарынын Ленин көчөсү асфальт төшөөгө даярдалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.** 

Такталгандай, Ленин көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки жол тилкесинде таза суу түтүктөрүн алмаштыруу, ирригациялык арыктарды орнотуу, Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду асфальттоо, тротуар куруу, жашылдандыруу жана жарыктандыруу боюнча иш-аракеттер кызуу жүрүп жатат. 

> Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшүн жеринде көрүп, сапатка жана бүткөрүү мөөнөтүнө көңүл буруу, жашыл аймактарды сактоо зарылдыгын белгилеп, кошумча жумушчу топтордун ишин күчөтүү тапшырмасын берди. 

Жумуш иштери жалпы бир чакырымга жакын аралыкта жүргүзүлүүдө. Жол ачылган соң унаа кыймылын бир тараптуу кылуу болжолдонууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/361092389_612725441046357_5250689379193569943_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/361602061_612724884379746_7179653786739548666_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/361613437_612725374379697_275856448357266377_n-1.jpg)