Өзгөндө мыйзамсыз курулуштар талкаланууда

Өзгөндө мыйзамсыз курулуштар талкаланууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, мыйзамсыз курулган курулуштар башкы пландын негизинде тазаланып, иретке келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Бул багытта иштер мындан ары да уланып, мыйзамсыз курулуштардан арылуу башка район борборлорунда дагы жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн шаарларын кыдырып, иретке келтирүү боюнча бир топ тапшырмаларды берген.