Акылбек Жапаров өзбекстандык жана тажикстандык губернаторлор менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджабба Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүгө даярдыгы айтылды.

Кыргызстан чектеш бир тууган мамлекеттер – Тажикстан жана Өзбекстан менен достук, жакшы коңшулук жана өз ара түшүнүшүү маанайында кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берери белгиленди.

Министрлер Кабинетинин башчысы кыргыз, тажик жана өзбек элдеринин салттуу жана көп кылымдык достугунун негизинде биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдирди.