Камчыбек Ташиев министрлерге Ысык-Көлдө эс алууга тыюу салды

Министрлерге Ысык-Көлдө эс алууга тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эскертти.

«Дем алуу деген бизде болбошу керек. Айрыкча «шортачан» көлдө күнгө кактанып жаткан бир да министр болбошу керек. Эсиңерде болсун. Мен бул боюнча чоң чара көрөм. Дем алгыла, бирок үйүңөрдө. Министр болуп келдиңирби иштегиле», - деп белгиледи Ташиев.